# 134-берене. Жеке сот аткаруучуну убактылуу алмаштыруу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 134-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-134

---

1. Жеке сот аткаруучуну убактылуу алмаштыруу бир жеке сот аткаруучудан аткаруу өндүрүшүн башка жеке сот аткаруучуга аткаруу үчүн убактылуу өткөрүп берүүдөн турат.

2. Жеке сот аткаруучуну убактылуу алмаштыруунун негиздери төмөнкүлөр болушу мүмкүн: эмгек же окуу өргүүсү, оору, кызматтык иш сапар жана жеке сот аткаруучунун ушул Мыйзамда каралган милдеттерин аткарууга убактылуу тоскоолдук кылган башка жагдайлар.

Жеке сот аткаруучунун эмгек же окуу өргүүсүнө, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө, ошондой эле баланы багуу боюнча өргүүгө чыгуу тартиби Жеке сот аткаруучулар палатасы тарабынан аныкталат. Эмгек мыйзамдарынын жеке сот аткаруучунун өргүүсүн төлөө бөлүгү ушул беренеде каралган учурларга жайылтылбайт.

3. Жеке сот аткаруучуну убактылуу алмаштыруу Жеке сот аткаруучулар палатасы тарабынан аныкталган тартипте, аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына милдеттүү түрдө кабарлоо менен жүзөгө ашырылат.

4. Өндүрүп алуучу анын аткаруу документин башка жеке сот аткаруучуга аткарууга убактылуу өткөрүп берүүгө макул болбогон учурда, аткаруу документи анын арызы боюнча сот аткаруучулар кызматынын тиешелүү бөлүмүнө берүү үчүн өндүрүп алуучуга кайтарылып берилиши мүмкүн.

Аткаруу документин аткарууга берүү мөөнөтү аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте эсептелет.

5. Жеке сот аткаруучусу убактылуу алмаштырылган учурда, аны алмаштырган адам өзүнүн иши үчүн акы алууга укуктуу.

6. Өткөрүлүп берилген аткаруу өндүрүшү боюнча жол берилген бузуулар үчүн жоопкерчилик аларга түздөн-түз жол берген жеке сот аткаруучуга жүктөлөт.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [133-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-133)  
Кийинки берене: [135-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-135)
