# 124-берене. Даттанууну кароодон баш тартуу үчүн негиздер

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=1283413..1283414>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 124-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-124

---

1. Жогору турган сот аткаруучу токтомго, аракетке (аракетсиздикке) даттанууга маңызы боюнча кароодон баш тартат, эгерде:

1) даттануунун белгиленген мөөнөтү сакталбаса жана даттанууну берген адам жүйөлүү себептер боюнча өтүп кеткен даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө бербесе же мындай өтүнмөсү четке кагылса;

2) даттануунун ушул Мыйзамда белгиленген формасы жана мазмуну боюнча талаптар сакталбаса.

2. Даттанууну маңызы боюнча кароодон баш тартуу жөнүндө чечим даттануу келип түшкөндөн кийин үч күндөн кечиктирбестен чыгарылат.

3. Жогору турган сот аткаруучу ошондой эле сот аткаруучунун токтомуна, аракетине (аракетсиздигине) даттанууну маңызы боюнча кароодон баш тартат, алар сот тартибинде гана талашылышы мүмкүн.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [123-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-123)  
Кийинки берене: [125-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-125)
