# 123-берене. Даттанууга карата коюлуучу талаптар

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=1283413..1283414>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 123-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-123

---

1. Даттануу жазуу жүзүндө берилет. Даттанууга аны менен кайрылган адам же анын өкүлү кол коюуга тийиш. Өкүл кол койгон даттанууга өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу ишеним кат же башка документ тиркелүүгө тийиш.

2. Даттанууда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

1) сот аткаруучунун кызмат орду, фамилиясы, аты-жөндөрү, даттанылып жаткан токтом, аракет (аракетсиздик);

2) даттануу берген жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты, юридикалык жактын аталышы, жарандын жашаган же турган жери же болбосо юридикалык жактын жайгашкан жери;

3) даттануунун жүйөлөрү;

4) даттануу берген адамдын талаптары.

3. Даттануу берген адам даттанууда көрсөтүлгөн жагдайларды ырастоочу документтерди тапшырбаса болот. Эгер мындай документтерди берүү даттанууну кароо үчүн мааниге ээ болсо, анда жогору турган сот откаруучу аларды суратууга укуктуу. Бул учурда даттанууну кароо мөөнөтү суратылган документтерди бергенге чейин, бирок он күндөн ашык эмес узартылат.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-122)  
Кийинки берене: [124-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-124)
