# 121-берене. Жеке сот аткаруучунун башка ыйгарым укуктары

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 121-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-121

---

1. Жеке жана юридикалык жактар аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы аныкталган учурларда жеке сот аткаруучу аткаруу документинин талаптары аткарылбагандыгы жөнүндө акт түзөт.

Аткаруу документинин талаптары аткарылбагандыгы жөнүндө акт жазуу жүзүндө таризделет жана жеке сот аткаруучу тарабынан кол коюлат. Аткаруу документинин талаптары аткарылбагандыгы жөнүндө акт укук бузуунун бар экендигин ырастоочу документтер менен бирге жеке сот аткаруучунун сунушу менен жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же болбосо анын аймактык бөлүмүнө жиберилет.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же болбосо анын аймактык бөлүмү материалдарды карап чыгат жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте чечим чыгарат.

Ыйгарым укуктуу орган же болбосо анын аймактык бөлүмү кабыл алынган чечим жөнүндө жеке сот аткаруучуга жазуу жүзүндө кабарлайт. Кабыл алынган чечимге макул болбогон учурда, жеке сот аткаруучу чечимди жогору турган сот аткаруучуга же сотко даттанууга укуктуу. (КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-12)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-13)
