# 119-берене. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашалардын ордун толтуруу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 119-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-119

---

1. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашалардын орду өндүрүп алуучуга жана ушул чыгашаларды тарткан адамдарга карызкордун эсебинен толтурулат.

2. Аткаруу өндүрүшү ушул Мыйзамдын 111-беренесинин 4 жана 5-пункттарында белгиленген негиздер боюнча токтотулган учурда аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашалар республикалык бюджеттин эсебине кирет.

3. Аткаруу документин аткарууда карызкордон алынган тиешелүү мүлктү өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү жана аткаруу документин өндүрүп алуучуга кайтарып берүү учурунда өндүрүп алуучу белгилүү бир мүлктү алуудан негизсиз баш тартса, эгер ал өзүнүн аракети же аракетсиздиги менен аткаруу документинин аткарылышына тоскоолдук кылса, аткаруу иш-аракеттерин жасоодо кеткен чыгашалар өндүрүп алуучудан өндүрүп алынат.

4. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларды карызкордон өндүрүп алуу, ошондой эле аларды чыгаша тарткан органга же адамга ордун толтуруп берүү сот аткаруучунун токтомунун негизинде жүргүзүлөт. Чыгашаларды карызкордон өндүрүп алуу жөнүндө токтом сотто талашылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-118)  
Кийинки берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-120)
