# 118-берене. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашалар

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 118-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-118

---

1. Өндүрүп алуучунун жана аткаруу өндүрүшүнө катышкан башка адамдардын аткаруу иш-аракеттерин уюштурууга жана жасоого сарпталган акча каражаттары аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашалар болуп саналат.

2. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларга төмөнкүлөргө сарпталган акча каражаттары кирет:

1) карызкордун мүлкүн ташууга, сактоого жана сатууга;

2) аткаруу иш-аракеттерин уюштурууга жана өткөрүүгө белгиленген тартипте тартылган котормочулардын, адистердин жана башка адамдардын иши үчүн сыйакы, ошондой эле алар жана калыс-күбөлөр тарткан чыгашалардын компенсациясы;

3) өндүрүп алуучуга акча каражатты которуу (жөнөтүү);

4) карызкорду, анын мүлкүн издөө, баланы издөө;

5) карызкордун укуктарын мамлекеттик каттоону жүргүзүү;

6) өндүрүп алуучунун аванстык төгүмүнө;

7) аткаруу документин аткаруу процессиндеги башка зарыл иш-аракеттерди жасоого.

---

Мурунку берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-117)  
Кийинки берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-119)
