# 116-берене. Аткаруунун бурулушу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-116.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 116-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-116

---

1. Карызкорго милдеттенмелерди жүктөөгө байланыштуу же ага кандайдыр-бир милдеттенмелерди жүктөөгө байланышпаган аткарылган сот актысын же башка органдын актысын ага жүктөлгөн милдеттенмелерден толук же жарым-жартылай бошотуу менен жокко чыгарган, же болбосо иш боюнча сот өндүрүшүн токтотуу же доону кароосуз калтыруу жөнүндө жаңы сот актысы же башка органдын актысы кабыл алынган учурда, карызкорго жокко чыгарылган сот актысы же башка органдын актысы боюнча андан өндүрүп алуучунун пайдасына өндүрүп алынгандын же ашыкча өндүрүп алынгандын бардыгы, ошондой эле кайтарылганга өлчөмдөш аткаруу жыйымы кайтарып берилүүгө тийиш.

2. Аткаруу бурулганда жаңы сот актысынын же башка органдын актысынын негизинде берилген аткаруу документин аткаруу тиешелүү жокко чыгаруу актысы боюнча аткарылганын эске алуу менен ушул Мыйзамга жалпы негиздерге ылайык жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-115)  
Кийинки берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-117)
