# 115-берене. Аткаруу өндүрүшүнүн аякташы

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=1283413..1283414>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 115-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-115

---

1. Аткаруу өндүрүшү төмөнкү учурларда аяктады деп эсептелет:

1) аткаруу документинде камтылган талаптар иш жүзүндө аткарылганда;

2) аткаруу документтеринде камтылган, жыйынды аткаруу өндүрүшүнө бириктирилген, биргелешип өндүрүп алуу жөнүндө талаптарды бир же бир нече карызкорлордун эсебинен иш жүзүндө аткарганда;

3) ушул Мыйзамдын 114-беренесинде каралган негиздер боюнча аткаруу документи өндүрүп алуучуга кайра кайтарылганда;

4) аткаруу документин берген соттун, башка органдын же кызмат адамынын талабы боюнча аткаруу документи кайра кайтарылганда;

5) аткаруу документин сот аткаруучулардын аймактык бөлүмдөрүнүн биринен башкасына жибергенде;

6) аткаруу документи карызкордун - юридикалык жактын жоюу комиссиясына (жоюучуга) жиберилгенде;

7) аткаруу документи менен белгиленген мезгилдүү төлөмдөрдү кармоо үчүн уюмга аткаруу документи жиберилгенде;

8) актынын иш жүзүндө аткарылышына карабастан укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча чыгарылган аткаруу актысынын эскирүү мөөнөтү бүткөндө;

9) аткаруу өндүрүшү токтотулганда;

10) ушул Мыйзамда белгиленгендер.

2. Аткаруу документи ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 4 жана 8-пункттарында каралган учурларда аткаруу документин берген органга кайра кайтарылат.

3. Ушул Мыйзамда белгиленген негиздер боюнча уюмга же сот аткаруучулардын аймактык башка бөлүмүнө кармоо үчүн өткөрүп берилгендигине байланыштуу аткаруу өндүрүшү аяктаганда, карызкорду, анын мүлкүн издөө, баланы издөө, ошондой эле карызкор үчүн белгиленген чектөөлөрдү алып таштоо жүргүзүлбөйт. Издөөнү токтотуу боюнча, ошондой эле чектөөлөрдү өзгөртүү жана алып таштоо боюнча ыйгарым укуктар аткаруу өндүрүшү өткөрүп берилген сот аткаруучуга өтөт.

4. Эгерде негизги аткаруу өндүрүшү аяктагандан кийин сот аткаруучу ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган аткаруу документин өндүрүшкө кабыл алса, анда негизги аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө карызкор үчүн белгиленген чектөөлөр сот аткаруучу тарабынан өндүрүшкө кайрадан кабыл алынган аткаруу документтерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө сакталат.

5. Ушул Мыйзамдын 111-беренесинин 3, 7, 8-пункттарында, 114-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3, 4, 7-пункттарында жана ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда белгиленген учурларды кошпогондо, негизги аткаруу өндүрүшүнүн аякташы менен токтом чыгаруу менен бир эле убакта сот аткаруучу аткаруу документин аткаруу процессинде сот аткаруучу тарабынан салынган аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү боюнча чыгашаларды, аткаруу жыйымдарын жана айыптарын карызкордон өндүрүп алуу жөнүндө толук же жарым-жартылай аткарылбаган токтомдор боюнча аткаруу документтерин өндүрүшкө кабыл алат.

6. Мезгилдүү төлөмдөрдү өндүрүп алуу жөнүндө аяктаган аткаруу өндүрүшү боюнча сот аткаруучу өндүрүп алуучунун арызы же өз демилгеси менен сот актысы, башка органдын же кызмат адамынын актысы боюнча акча каражаттарын кармоонун жана которуунун тууралыгын текшерет. Мындай текшерүүнү жүргүзүүдө юридикалык жак же карызкорго эмгек акы, пенсия, стипендия жана башка мезгилдүү төлөмдөрдү төлөп берген башка адам сот аткаруучусуна тиешелүү бухгалтердик жана башка документтерди берүүгө милдеттүү.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-114)  
Кийинки берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-116)
