# 114-берене. Аткаруу документин кайтарып берүү

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=1283413..1283414>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 114-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-114

---

1. Өндүрүп алуу жүргүзүлбөгөн же толук көлөмдө жүргүзүлбөгөн аткаруу документи өндүрүп алуучуга төмөнкүдөй кайтарылып берилет:

1) өндүрүп алуучунун арызы боюнча;

2) эгерде ушул аткаруу документи үчүн аткаруу мөөнөтү бүтсө;

3) (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) эгерде сот аткаруучу тарабынан аларды издеп табуу боюнча мыйзамда жол берилген бардык чаралар кабыл алынган шартта, карызкордун өндүрүп алуу салынышы мүмкүн болгон мүлкү, акчалай суммасы, баалуу кагаздары же кирешелери болбосо;

5) эгерде өндүрүп алуучу аткаруу документин аткарууда карызкордун сатылбай калган мүлкүн өзүнө калтыруудан баш тартса;

6) эгерде өндүрүп алуучу аракеттери (аракетсиздиги) менен аткаруу документинин аткарылышына тоскоолдук кылса;

7) эгерде өндүрүп алуучу көрсөткөн дарек боюнча карызкор жашабаса же иштебесе, карызкор - юридикалык жак - ал жерде турбаса же болбосо карызкорду издөө учурларын кошпогондо, анын өндүрүп алууга жаткан мүлкү болбосо;

8) эгерде өндүрүп алуучу ага берилип жаткан карызкордун мүлкүнүн наркы менен карыздын ортосундагы айырманы төлөбөсө.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4, 6, 7-пункттарында каралган учурларда сот аткаруучу жагдайлардын болушу жөнүндө акт түзөт, ага ылайык аткаруу документи өндүрүп алуучуга кайтарылып берилет.

3. Сот аткаруучу өндүрүп алуучуга аткаруу документин кайтарып берүү жөнүндө токтом чыгарат.

4. Өндүрүп алуучуга аткаруу документин кайтарып берүү ушул Мыйзамдын 37-беренесинде белгиленген мөөнөттүн чектеринде аткаруу документин аткарууга кайтарып берүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

5. Сот аткаруучунун өндүрүп алуучуга аткаруу документин кайтарып берүү жөнүндө токтомуна ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө даттануу берилиши мүмкүн.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-113)  
Кийинки берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-115)
