# 112-берене. Аткаруу өндүрүшүн токтотуунун кесепеттери

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=1283413..1283414>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 112-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-112

---

1. Аткаруу өндүрүшү кыскартылгандан кийин сот аткаруучу өзү дайындаган бардык мажбурлап аткаруу чараларын, анын ичинде мүлктү камакка алууну, ошондой эле карызкор үчүн белгиленген чектөөлөрдү жокко чыгарат.

2. Ушул Мыйзамдын 111-беренесинин 4, 5, 7-пункттарында белгиленген негиздер боюнча аткаруу өндүрүшүн токтотууну кошпогондо, негизги аткаруу өндүрүшүн токтотуу жөнүндө токтомду чыгаруу менен бир эле убакта сот аткаруучу аткаруу документин аткаруу процессинде сот аткаруучу тарабынан салынган аткаруу жыйымдарын жана айыптарды, аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларды карызкордон өндүрүп алуу жөнүндө толугу менен же жарым-жартылай аткарылбай калган токтомду сот аткаруучу өндүрүшкө кабыл алат.

3. Эгерде негизги аткаруу өндүрүшү аяктагандан кийин ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган аткаруу документтери өндүрүшкө кабыл алынса, анда негизги аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө карызкор үчүн белгиленген чектөөлөр кайрадан кабыл алынган аткаруу өндүрүшүн аткаруу үчүн зарыл өлчөмдөрдө сот аткаруучу тарабынан сакталат.

4. Сот аткаруучунун аткаруу өндүрүшүн токтотуу жөнүндө, мажбурлап аткартуу чараларын жокко чыгаруу жөнүндө токтомунун көчүрмөлөрү аткаруу өндүрүшүн токтотуу жөнүндө токтом чыгарылган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө өндүрүп алуучуга, карызкорго, сотко, аткаруу документин берген башка органга же кызмат адамына, ошондой эле карызкор үчүн чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө токтомду аткаруучу органдарга (адамдарга) жиберилет.

5. Ал боюнча аткаруу өндүрүшү токтотулган аткаруу документи тиешелүү белги коюу менен сотко, документти берген башка органга же кызмат адамына кайтарып берилет жана аткарууга кайталанып берилиши мүмкүн эмес.

6. Токтотулган аткаруу өндүрүшү кайрадан башталышы мүмкүн эмес.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-111)  
Кийинки берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-113)
