# 111-берене. Аткаруу өндүрүшүн токтотуу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-111>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-111.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 111-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-111

---

Аткаруу өндүрүшү сот аткаруучу тарабынан төмөнкү учурларда токтотулат:

1) өндүрүп алуучу өндүрүп алуудан баш тартканда;

2) өндүрүп алуучу менен карызкордун ортосундагы жарашуу макулдугу сот тарабынан бекитилгенде;

3) эгерде акт менен белгиленген талаптар же милдеттер каза болгондун укук улантуучусуна же дайынсыз жок болгон адамдын мүлкүн башкаруучуга өтүшү мүмкүн болбосо, өндүрүп алуучу же карызкор болуп саналган жаран каза болгондо, ал каза болду деп жарыяланганда же дайынсыз жок деп таанылганда;

4) анын негизинде аткаруу документи берилген сот актысы жокко чыгарылганда;

5) өндүрүшкө кабыл алынган аткаруу документи жокко чыгарылганда же жараксыз деп таанылганда;

6) аларды өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү жөнүндө аткаруу документин аткарууда карызкордон алынган предметтерди алуудан өндүрүп алуучу баш тартканда;

7) мыйзамда белгиленген тартипте карызкор - юридикалык жак жоюлганда;

8) карызкорду - юридикалык жакты кудуретсиз (банкрот) деп жарыялаганда.

---

Мурунку берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-110)  
Кийинки берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-112)
