# 11-берене. Улук сот аткаруучунун ыйгарым укуктары

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 11-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-11

---

1. Улук сот аткаруучуларга ушул Мыйзамдын 12-беренесинде көрсөтүлгөн укуктардан жана милдеттерден тышкары ошондой эле төмөнкүлөр жүктөлөт:

1) өзү башкарган аймактык бөлүмдүн ишин уюштуруу жана контролдоо;

2) сот аткаруучуларынын ортосунда аткаруу документтерин бөлүштүрүү;

3) сот аткаруучуларынан баш тартуу жана сот аткаруучуларынын өздөрүнүн баш тартуусу жөнүндө арыздарды кароо;

4) аймактык бөлүмдүн депозиттик эсебин тескөө, мыйзамдарда белгиленген тартипте анын жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчилик;

5) тиешелүү сот аткаруучу аткарышы мүмкүн болбогон учурда тиешелүү аймакта аткарылууга жаткан кандай болбосун аткаруу документтерин өз өндүрүшүнө кабыл алуу;

6) башкы сот аткаруучусуна сот аткаруучуну сыйлоо же тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө, анын ичинде алар аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө мыйзамды бузууларга жол берген учурда сот аткаруучуну аткаруу иш-аракеттерин андан ары жүргүзүүдөн четтетүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;

7) жарандардын жана юридикалык жактардын сот аткаруучуларынын аракеттерине карата кайрылууларын баш ийүү тартибинде кароо, аларды кабыл алуу;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

2. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-12)
