# 107-берене. Өндүрүп алуучулардын талаптарын канааттандыруунун кезектүүлүгү

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 107-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-107

---

1. Карызкордон өндүрүп алынган акча суммасы аткаруучу документтерде камтылган эки же бир нече өндүрүп алуучунун талаптарын толук көлөмдө канааттандыруу үчүн жетишсиз болгон учурда, көрсөтүлгөн сумма тиешелүү акча суммасын бөлүштүрүү күнүнө аткаруу документтерин көрсөткөн өндүрүп алуучулардын ортосунда төмөнкүдөй кезектүүлүктө бөлүштүрүлөт:

1) биринчи кезекте алименттерди өндүрүп алуу, ден соолукка келтирилген зыяндын, баккан адамы каза болгонуна байланыштуу зыяндын ордун толтуруу боюнча талаптар канааттандырылат;

2) экинчи кезекте эмгек келишими боюнча иштеп жаткан (иштеген) адамдардын чыгуу жөлөкпулдарын төлөө, ошондой эле автордук укукту жана чектеш укуктарды колдонгону үчүн автордук сыйакыны төлөө боюнча талаптар канааттандырылат;

3) үчүнчү кезекте камсыз кылуу суммасынын чектеринде күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмелер боюнча кредиторлордун талаптары канааттандырылат;

4) төртүнчү кезекте бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөр боюнча талаптар канааттандырылат;

5) бешинчи кезекте калган бардык талаптар канааттандырылат.

2. Карызкордон өндүрүп алынган ар бир акча суммасын бөлүштүрүүдө ар бир кийинки кезектин талаптары мурдагы кезектин талаптары толук көлөмдө канааттандырылгандан кийин канааттандырылат.

3. Эгерде карызкордон өндүрүп алынган акча суммасы бир кезектин талаптарын толук көлөмдө канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, анда алар ар бир өндүрүп алуучуга аткаруу документинде көрсөтүлгөн кошулуучу суммага пропорционалдуу канааттандырылат.

---

Мурунку берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-106)  
Кийинки берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-108)
