# 106-берене. Өндүрүп алынган акча каражаттарын бөлүштүрүү

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-106>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-106.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 106-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-106

---

1. Аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруу процессинде карызкордон сот аткаруучу тарабынан мажбурлоо тартибинде, анын ичинде карызкордун мүлкүн сатуу жолу менен өндүрүп алынган акчалай сумма төмөнкүдөй кезектүүлүктө бөлүштүрүлөт:

1) өндүрүп алуучунун (өндүрүп алуучулардын) талаптары жана анын аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашалары канааттандырылат жана аткаруучу жыйым өндүрүп алынган суммага пропорционалдуу төлөнөт;

2) аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча башка чыгашалардын орду толтурулат;

3) аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруу процессинде карызкорго сот аткаруучу тарабынан салынган айыптар төлөнөт.

2. Карызкордон өндүрүп алынган жана өндүрүп алуучуларга берилүүгө жаткан суммалар сот аткаруучу тарабынан өндүрүп алынган күндөн кийинки операциялык күндөн кечиктирбестен депозиттик эсепке которулат, андан кийин өндүрүп алуучуларга берилет же өндүрүп алуучу көрсөткөн эсепке белгиленген тартипте которулат же болбосо карызкордон өндүрүп алынган (алынган) сумманы сот аткаруучу алган күнү өндүрүп алуучу болгон учурда депозиттик эсепке которбостон түздөн-түз өндүрүп алуучуга берилет.

3. Мамлекеттин кирешесине чегерилүүгө жаткан суммалар сот аткаруучу тарабынан түздөн-түз тиешелүү банк мекемесине салынат.

4. Өндүрүп алынган акча каражаттарын (эсебин) бөлүштүрүү жөнүндө сот аткаруучу токтом чыгарат, ага ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

5. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык талаптар канааттандырылгандан кийин калган акча каражаттары карызкорго кайтарылат. Акча каражатынын калдыктарынын болушу жана аларды алуу мүмкүндүгү жөнүндө сот аткаруучу карызкорго үч күндүн ичинде кабарлайт.

6. Өндүрүп алуучу же карызкор тарабынан талап кылынбаган акча каражаттары үч жыл бою депозиттик эсепте сакталат. Ушул мөөнөт аяктагандан кийин көрсөтүлгөн акча каражаттары республикалык бюджетке которулат.

---

Мурунку берене: [105-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-105)  
Кийинки берене: [107-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-107)
