# 105-статья. Бала менен баарлашуу укугуна тиешелүү иштер боюнча чечимдерди аткаруу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-105.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 105-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-105

---

1. Сот аткаруучу карызкорго баланын өндүрүп алуучу менен баарлашуусун камсыз кылууга анын милдети жөнүндө соттун чечимин ыктыярдуу аткаруу тууралуу сунушту тапшырат.

Эгерде сот дайындаган убакытта жана жерде карызкор чечимде белгиленген баарлашууга укукту ишке ашыруу тартибине ылайык өндүрүп алуучуга бала менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылса, сот аткаруучу чечим аткарылып жатканы жөнүндө акт түзөт.

2. Эгерде соттун чечиминде көрсөтүлгөн убакытта жана жерде бала болбосо, ошондой эле карызкор анын болбогонунун себептерин билдирилбесе же болбосо себеп сот аткаруучу тарабынан жүйөсүз деп таанылса жана карызкор токтомду аткаруудан баш тартса, сот аткаруучу соттун чечими аткарылбаганы жөнүндө акт түзөт.

Бул учурда сот аткаруучу ушул Мыйзамдын 96-беренесинде каралган тартипте мажбурлоо чараларын көрүүгө укуктуу.

3. Мажбурлап аткартуу ушул Мыйзамда каралган учурларда, ошондой эле төмөнкү учурларда кийинкиге калтырылат:

1) бала ооруп калганда же бала эс-учун жоготкон абалда болгондо;

2) он жашка толгон бала макул болбогондо.

4. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [104-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-104)  
Кийинки берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-106)
