# 104-берене. Эгерде баланы алып коюу жана өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү мүмкүн болбогон учурда сот аткаруучунун иш-аракеттери

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-104>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-104.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 104-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-104

---

1. Баланын турган жерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда сот аткаруучу аны издөө жөнүндө токтом чыгарат жана аткаруу үчүн баланын белгилүү болгон акыркы турган жери боюнча ички иштер органдарына жиберет.

2. Карызкор баланы алып коюу жөнүндө соттун чечимин ыктыярдуу тартипте аткарбаган, карызкор баланы жашырып коюу жолу менен, ошондой эле соттун чечимин аткарууга башка жолдор менен тоскоолдук кылуу менен мажбурлап аткартуу жол-жобосунан качкан учурда, сот аткаруучу карызкорду соттун чечимин аткарбаганы үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берет.

3. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-103)  
Кийинки берене: [105-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-105)
