# 101-берене. Өндүрүп алуучуну жайгаштыруу жөнүндө аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 101-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-101

---

1. Карызкор өндүрүп алуучуну жайгаштыруу жөнүндө аткаруу документинде камтылган талаптарды ыктыярдуу аткаруу үчүн белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин жайгашууга тоскоолдук кылууну уланткан учурда, сот аткаруучу карызкордон аткаруу жыйымдарын өндүрүп алуу жөнүндө токтом чыгарат жана карызкорго өндүрүп алуучуну жайгаштыруу кошумча кабарлоо бербестен мажбурлоо менен жүргүзүлөрүн эскертет.

2. Жайгаштыруу сот аткаруучу тарабынан өндүрүп алуучунун аткаруучу документте көрсөтүлгөн жайга тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылууну камтыйт.

3. Жайгаштыруу калыс-күбөлөрдүн катышуусу менен ички иштер органдарынын кызматкерлеринин көмөгү астында акт түзүү менен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-100)  
Кийинки берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-102)
