# 100-берене. Карызкорду турак эмес жайдан чыгаруу же жер участогун кыймылдуу мүлктөн же курулуштардан (курулмалардан) бошотуу жөнүндө аткаруу документин аткаруу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 100-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-100

---

1. Карызкорду турак эмес жайдан чыгаруу же жер участогун кыймылдуу мүлктөн же курулуштардан (курулмалардан) бошотуу жөнүндө сот аткаруучу тарабынан белгиленген аткаруу документи мөөнөтүндө аткарылбаган учурда, жашаган жайынан чыгарып салуу жана бошотуу сот аткаруучу тарабынан мажбурлоо менен жүзөгө ашырылат.

2. Карызкор аны жашаган жайынан чыгаруу жөнүндө аткаруу документинде камтылган талаптарды ыктыярдуу аткаруу үчүн белгиленген мөөнөттүн ичинде турак эмес жайды же жер участогун кыймылдуу мүлктөн же курулуштардан (курулмалардан) бошотпогон учурда, сот аткаруучу карызкордон аткаруу жыйымдарын өндүрүп алуу жөнүндө токтом чыгарат жана карызкорду чыгарууну же жер участогун бошотууну мажбурлап жүргүзөт.

Карызкордун жогу аткаруу документин аткаруу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Турак эмес жайдан чыгарып салуу аткаруу документинде көрсөтүлгөн жайды чыгарылуучудан (чыгарылуучулардан), анын (алардын) мүлкүнөн, малынан бошотуудан жана чыгарылуучуга (чыгарылуучуларга) бошотулган жайды пайдаланууга тыюу салуудан турат.

Жер участогун бошотуу карызкордун кыймылдуу мүлктөрүнөн жер участогунун аймагын бошотуудан (ташып чыгаруудан), ал эми зарыл учурда - курулуштарды (курулмаларды) буздуруудан турат.

4. Турак эмес жайдан чыгарып салуу калыс-күбөлөрдүн катышуусу жана ички иштер органдарынын көмөгү менен сот аткаруучу жүргүзүүчү мүлкүн милдеттүү тизмектөө менен жүргүзүлөт.

5. Жер участогун бошотуу сот аткаруучу тарабынан, зарыл учурда - курулуш же транспорттук уюмдардын жана/же ички иштер органдарынын көмөгү астында тартылган чыгашаларды карызкорго жүктөө менен жүргүзүлөт.

6. Сот аткаруучу зарыл учурларда тартылган чыгашаларды ага жүктөө карызкордун мүлкүнүн сакталышын камсыз кылат.

Эгерде карызкор жашаган жайынан чыгарылып салынган күндөн тартып эки айдын ичинде көрсөтүлгөн мүлкүн алып кетпесе, анда сот аткаруучу көрсөтүлгөн мүлктү ушул Мыйзамда белгиленген тартипте сатууга өткөрүп берет.

7. Карызкордун мүлкүн сатуудан түшкөн жана аткаруу боюнча чыгашалардын ордун толтургандан кийин калган акча каражаттары карызкорго кайтарылат.

Карызкор тарабынан талап кылынбаган акча каражаттары үч жыл бою депозиттик эсепте сакталат. Ушул мөөнөт аяктагандан кийин көрсөтүлгөн акча каражаттары республикалык бюджетке которулат.

8. Карызкорду чыгарып салуу жана жер участогун бошотуу чыгарып салуу же жер участогун бошотуу жөнүндө акт менен сот аткаруучу тарабынан жол-жоболоштурулат.

---

Мурунку берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-99)  
Кийинки берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-101)
