# 99-берене. Комиссиялык экспертиза

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-99>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 99-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-99

---

1. Комиссиялык экспертизаны бир нече эксперт жүргүзөт. Ал кыйла көлөмдөгү тажрыйба жана иликтөө аракеттерин жүргүзүүнү талап кылуучу татаал эксперттик изилдөөлөр өндүрүшү зарыл болгон учурда сот тарабынан дайындалат.

2. Аны жүргүзүүдө эксперттер өз ара менен кеңешет. Эгерде эксперттер жалпы тыянакка келсе, бир корутунду түзөт жана ага кол коет.

3. Эксперттердин ортосунда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда алардын ар бири пикир келишпестикти пайда кылган маселе боюнча өз-өзүнчө корутунду берет. Мында сот эксперттерден кошумча түшүндүрмөлөрдү талап кылууга же башка эксперттерди дайындоого укуктуу.

4. Эксперттердин курамына киргизилбеген адамдардын эксперттик иликтөөлөрдү толук же бөлүгүндө жүргүзүшүнө жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-98)  
Кийинки берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-100)
