# 97-берене. Эксперттин корутундусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 97-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-97

---

1. Эксперт өз корутундусун жазуу жүзүндө берет.

2. Эксперттин корутундусунда жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн кеңири сыпаттамасы жана алардын негизинде чыгарылган тыянактар, сот койгон маселелерге негиздүү жооптор камтылышы керек. Эгерде экспертиза жүргүзүүдө эксперт анын алдына маселеси коюлбаган, бирок иш үчүн мааниси бар жагдайларды аныктаса, ал бул жагдайлар жөнүндө тыянактарын өз корутундусуна киргизүүгө укуктуу.

3. Эксперттин корутундусу сот жыйналышында иликтенет, башка далилдер менен бир катарда ага сот тарабынан баа берилет жана ал сот үчүн алдын ала белгиленген күчкө ээ болбойт. Соттун эксперттин корутундусуна макул эместиги иш боюнча чечимде же аныктамада жүйөлөнүшү керек.

---

Мурунку берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-96)  
Кийинки берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-98)
