# 95-берене. Экспертизаны жүргүзүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 95-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-95

---

1. Экспертиза адистешкен эксперттик мекеменин кызматкерлери же сот эксперт катары дайындаган башка адистер тарабынан жүргүзүлөт.

2. Сот билимдин ар кайсы тармактарынан бир нече экспертти дайындай алат. Эксперттер өз ара кеңешүүгө укуктуу.

3. Эгерде эксперттер жалпы тыянакка келсе, алар бир корутундуга кол коет. Башка эксперттер менен макул эмес эксперттер өзүнчө корутунду берет. Экспертиза сотто же, эгерде изилдөөлөрдүн мүнөзүнө жараша зарыл болсо же болбосо изилдөө үчүн материалдарды сотко жеткирүү мүмкүн болбосо же кыйынчылык жаратса, соттон тышкары жерде жүргүзүлөт.

4. Экспертиза эксперттик мекемеде өткөрүлгөн учурда, бул мекеменин жетекчиси тарабынан эксперттик изилдөөнү өткөрүү тапшырылган конкреттүү эксперт же эксперттер экспертиза үчүн жоопкерчиликте болушат.

---

Мурунку берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-94)  
Кийинки берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-96)
