# 93-берене. Экспертизаны дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-93>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-93.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 93-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-93

---

1. Ишти кароодо атайын билимдерди талап кылуучу маселелер пайда болгондо сот тараптардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен экспертизаны дайындайт. Зарыл учурда бир нече экспертиза дайындалышы мүмкүн.

2. Корутунду берүү үчүн зарыл билимдерге ээ болгон жана соттук-эксперттик иш жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жооп берген адам ишке эксперт катары тартылышы мүмкүн. Ишке катышуучу жактар конкреттүү компетенттүү адамды эксперт катары дайындоону соттон өтүнүүгө укуктуу.

3. Ишке катышуучу ар бир жак эксперт түшүндүрүүгө тийиш болгон суроолорду сотко берүүгө укуктуу. Эксперт корутунду берүүгө тийиш маселелердин акыркы чөйрөсүн сот аныктайт. Сунуш кылынган маселелердин четке кагылышын сот жүйөлөөгө милдеттүү.

4. Тарап экспертизадан өтүүдөн качкан (экспертизага келбеген, изилдөө үчүн зарыл предметтерди эксперттерге бербеген ж.б.) учурда, иштин жагдайлары боюнча ушул тараптын катышуусусуз экспертизаны жүргүзүү мүмкүн болбогондо, сот кайсы тарап экспертизадан качып жаткандыгына, ошондой эле ал үчүн бул экспертиза кандай мааниге ээ экендигине жараша, айкындоо үчүн экспертиза дайындалган фактыны аныкталды же жокко чыгарылды деп таанууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-92)  
Кийинки берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-94)
