# 88-берене. Буюмдук далилдерди сактоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 88-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-88

---

1. Буюмдук далилдери иште сакталат же өзгөчө тизмелөө менен соттун буюмдук далилдерди сактоо камерасына өткөрүп берилет.

2. Сотко алып келип берүүгө мүмкүн болбогон буюмдар алар жайгашкан жерде сакталат. Алар кеңири сыпатталууга, ал эми зарыл учурда - фотосүрөткө тартылууга, мөөр басылып чапталууга тийиш.

3. Сот жана сактоочу буюмдарды өзгөрбөс абалда сактоо чараларын көрүшөт. Буюмдардын сакталышы үчүн сактоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

4. Буюмдук далилдерди сактоо боюнча чыгымдар ушул Кодекстин 113-беренесине ылайык тараптардын ортосунда бөлүштүрүлөт.

---

Мурунку берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-87)  
Кийинки берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-89)
