# 86-берене. Буюмдук далилдерди талап кылуунун жана берүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 86-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-86

---

1. Ишке катышуучу же катышпоочу жактардан кандайдыр бир буюмду далил катары талап кылууну соттон өтүнүүчү жак бул буюмду кеңири сыпаттоого жана аны өзү алууга тоскоол болуп жаткан себептерди жана бул буюм ушул жакта же уюмда турат деп эсептегендигинин негиздерин көрсөтүүгө тийиш.

2. Жарандардан же уюмдардан сот талап кылган буюмдук далилдер тикелей сотко жеткирилет.

3. Сот буюмдук далилдерди талап кылууну соттон өтүнүп жаткан жакка ал далилди сотко алып келүү үчүн алууга укук берген суроо-талап бере алат.

---

Мурунку берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-85)  
Кийинки берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-87)
