# 85-берене. Буюмдук далилдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-85>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-85.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 85-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-85

---

1. Сырткы көрүнүшү, өзгөчө белгилери же турган турпаты, жайгашкан жери же башка белгилери менен иш үчүн мааниси бар жагдайларды белгилөөнүн каражаты катары кызмат кыла алган нерселер буюмдук далилдер болуп саналат.

2. Буюмдук далилди берүүчү же аны талап кылууну өтүнүүчү жак иш үчүн мааниси бар кайсы жагдайлар бул далил менен аныктала тургандыгын көрсөтүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-84)  
Кийинки берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-86)
