# 80-берене. Жазуу жүзүндөгү далилдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-80>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-80.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 80-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-80

---

1. Иш үчүн мааниси бар жагдайлар жөнүндө маалыматтарды камтыган актылар, документтер, келишимдер, маалымкаттар, иштиктүү кат алышуулар, башка документтер жана материалдар, анын ичинде факсимилдик, электрондук же башка байланыш аркылуу же болбосо алардын аныктыгын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү башка ыкма менен алынган материалдар жазуу жүзүндөгү далилдер болуп саналат.

2. Жазуу жүзүндөгү далилдер түп нускасында же талаптагыдай формада күбөлөндүрүлгөн көчүрмө түрүндө берилет. Эгерде каралып жаткан ишке документтин бөлүгүнүн гана тиешеси болсо, ошол бөлүгүнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет. Түп нускадагы документтер мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштин жагдайлары ушундай гана документтер менен ырасталууга жаткан учурларда берилет.

3. Ишке катышуучу жак сотко берген жазуу жүзүндөгү далилдердин көчүрмөлөрү мындай далилдер болбогон башка катышуучуларга жиберилет (тапшырылат).

4. Чет мамлекетте алынган документ, эгерде ал белгиленген тартипте легалдаштырылган болсо, сотто жазуу жүзүндөгү далил деп таанылат.

Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда чет өлкөлүк расмий документтер легалдаштырылбастан сотто жазуу жүзүндөгү далил деп таанылат.

---

Мурунку берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-79)  
Кийинки берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-81)
