# 79-берене. Күбөнүн укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261668..1261669>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 79-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-79

---

1. Күбө катары сотко чакырылган адам белгиленген убакытта сотко келүүгө жана туура көрсөтүү берүүгө, судьянын, ишке катышуучу жактардын суроолоруна жооп берүүгө милдеттүү.

2. Суракка чейин сот күбөнүн керт башын тастыктайт, анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы же атайын жалган көрсөтмө бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигине тартыла тургандыгы жөнүндө ага эскертет жана бул тууралуу колтамга алат. Колтамга сот жыйналышынын протоколуна тиркелет.

3. Эгерде күбө оорусунан, карылыгынан, майыптыгынан же башка жүйөлүү себептерден улам соттун чакыруусу боюнча келе албаса, өзү турган жерде сот тарабынан суракка алынышы мүмкүн.

4. (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-78)  
Кийинки берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-80)
