# 77-берене. Тараптардын жана үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 77-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-77

---

1. Тараптардын жана үчүнчү жактардын иш үчүн мааниси бар, аларга белгилүү жагдайлар жөнүндөгү түшүндүрмөлөрү иш боюнча чогултулган башка далилдер менен бир катарда текшерилүүгө жана баа берилүүгө жатат. Эгерде бир тарап далилди өзүндө кармап турса жана соттун талабы боюнча бербесе, башка тарап билдирген түшүндүрмөлөрдүн негизинде сот иш үчүн мааниси бар жагдайларды аныкталды деп эсептей алат.

2. Бир тарап өз талаптарын жана каршы пикирлерин негиздеген фактыларды башка тараптын моюнга алышы, биринчи тарапты бул жагдайларды андан ары далилдөө зарылчылыгынан бошотот. Фактыны моюнга алуу сот жыйналышынын протоколуна жазылат жана фактыны моюнга алган тараптын колу коюлат. Эгерде моюнга алуу жазуу жүзүндөгү арызда баяндалса, арыз ишке тиркелет.

3. Эгерде моюнга алуу иштин анык жагдайларын жашырып коюу максатында же болбосо алдоонун, күч колдонуунун же жаңылыштыктын таасири астында жасалды деп сот күмөн санаса, ал моюнга алууну кабыл албайт. Бул учурда фактылар жалпы негиздерде далилденүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-76)  
Кийинки берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-78)
