# 75-берене. Далилдерди камсыз кылуунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-75>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-75.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 75-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-75

---

1. Далилдерди камсыз кылуу ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча судья тарабынан жүргүзүлөт.

2. Протоколдор жана далилдерди камсыз кылуу тартибинде чогултулган бардык материалдар ишке катышуучу жактарды кабардар кылуу менен, ишти карап жаткан сотко жиберилет.

3. Эгерде далилдерди камсыз кылуу иш каралып жаткан сотто эмес башка сотто болсо, ушул Кодекстин 71 жана 72-беренелеринин нормалары колдонулууга жатат.

---

Мурунку берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-74)  
Кийинки берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-76)
