# 74-берене. Далилдерди камсыз кылуу жөнүндө арыз

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 74-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-74

---

1. Далилдерди камсыз кылуу жөнүндө арыз ишинде далилдерди камсыз кылуу боюнча процесстик аракеттер жасала турган сотко берилет. Далилдерди камсыз кылуу жөнүндө арызда камсыз кылынышы зарыл далилдер, ырасталышы үчүн бул далилдер зарыл болгон болгон жагдайлар, камсыз кылуу жөнүндө өтүнүч менен сотко кайрылууга арыз берүүчүгө түрткү берген себептер, ошондой эле камсыз кылынып жаткан далилдер зарыл болгон иш көрсөтүлөт.

2. Далилдерди камсыз кылуудан баш тартуу жөнүндө аныктамага карата жеке даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-73)  
Кийинки берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-75)
