# 71-берене. Соттун тапшырмалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-71>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-71.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 71-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-71

---

1. Ишти карап жаткан сот далилдерди башка шаардан же райондон чогултуу зарыл болгондо тиешелүү сотко айрым процесстик аракеттерди жүргүзүүнү тапшырат.

2. Сот тапшырмасы жөнүндө аныктамада каралып жаткан иштин мазмуну кыскача баяндалат, тапшырманы аткаруучу сот аныктай турган жагдайлар, чогулта турган далилдер көрсөтүлөт. Бул аныктама ал жиберилип жаткан сот үчүн милдеттүү болот жана бир айга чейинки мөөнөттө аткарылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-70)  
Кийинки берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-72)
