# 70-берене. Далилдөөдөн бошотуу үчүн негиздер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261668..1261669>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-70>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-70.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 70-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-70

---

1. Сот тарабынан жалпыга белгилүү деп таанылган жагдайлар далилдөөнү талап кылбайт.

2. Мурда каралган жарандык, экономикалык жана администрациялык иш боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминде белгиленген жагдайлар сот үчүн милдеттүү болуп эсептелет жана алар жаңыдан далилденбейт жана ошол эле жактар катышкан башка жарандык же экономикалык ишти кароодо талашылууга жатпайт.

3. Жазыктык иш боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген актысы ушул өкүм чыгарылган адамдын аракеттеринин жарандык-укуктук натыйжалары жөнүндө ишти карап жаткан сотко бул аракеттердин болгондугунун жана аларды ушул адам жасагандыгынын маселелери боюнча милдеттүү болот.

4. Тарап башка тарап талашпаган фактыларды далилдөөгө тийиш эмес.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-69)  
Кийинки берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-71)
