# 66-берене. Далилдерди берүү жана талап кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 66-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-66

---

1. Далилдер тараптар жана ишке катышуучу башка жактар тарабынан берилет.

2. Далилди талап кылуу жөнүндө өтүнмөдө далил белгиленүүгө тийиш, ошондой эле иш үчүн мааниси бар кайсы жагдайларды алар өзү ырастай же жокко чыгара ала тургандыгы, далилди алууга тоскоолдук кылып жаткан себептер жана анын жайгашкан жери көрсөтүлүүгө тийиш. Максатка ылайыктуулугун эске алуу менен сот далилди алуу үчүн тарапка суроо-талап коет. Сот тарабынан талап кылынып жаткан далил колунда болгон жак аны тикелей сотко берет же сотко берүү үчүн тиешелүү суроо-талап коюлган жактын колуна берет.

3. Талап кылынып жаткан далилди берүүгө мүмкүнчүлүгү жок же сот белгилеген мөөнөттө бере албаган кызмат адамдары же жарандар суроо-талапты алгандан кийин бул жөнүндө бир аптанын ичинде себебин көрсөтүү менен сотко билдирүүгө тийиш. Билдирилбеген учурда, ошондой эле далилди берүү жөнүндө соттун талабы сот жүйөлүү эмес деп тааныган себептерден улам аткарылбаганда сот ишине катышуучу жак болуп саналбаган күнөөлүү жактарга айыппул салынат: жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн он чейинки, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн жыйырмага чейинки, уюмдарга - эсептик көрсөткүчтүн элүүгө чейинки өлчөмүндө.

Айыппул салуу талап кылынган далилдерге ээлик кылган тиешелүү кызмат адамдарын, жарандарды жана уюмдарды сотко далилдерди берүү милдетинен бошотпойт.

---

Мурунку берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-65)  
Кийинки берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-67)
