# 65-берене. Далилдөө милдети

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 65-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-65

---

1. Ишке катышуучу жактар өз талаптарынын же каршы пикирлеринин негизи катары шилтеме кылган жагдайларды далилдөөгө тийиш.

2. Ишке катышуучу жактардын талаптарынын жана каршы пикирлеринин негизинде ишти туура чечүү үчүн кайсы жагдайлардын мааниси бар экендигин сот колдонулууга жатуучу укук нормаларын эске алуу менен аныктайт.

3. Тараптар жана ишке катышуучу башка жактар кошумча далилдерди келтирүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-64)  
Кийинки берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-66)
