# 63-берене. Өкүлдүн ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261672..1261674>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 63-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-63

---

1. Сотто ишти алып барууга ыйгарым укуктар өкүлгө ал өкүлү болуп жаткан жактын атынан бардык процесстик иш-аракеттерди аткарууга укук берет.

2. Мыйзамдуу өкүлдөрдөн тышкары, өкүлдүн доо арызга (арызга) же доо арызына (арызына) карата каршы пикирге кол коюуга, аларды берүүгө, доону камсыз кылуу жөнүндө арызга, ишти бейтарап сотко өткөрүп берүүгө, иштин факты жүзүндөгү жагдайлары боюнча макулдашуу түзүүгө, жаңыдан ачылган жагдайлар жана жаңы жагдайлар боюнча соттук актыларды кайра кароо жөнүндө арызга кол коюуга, ишти аксакалдар сотуна өткөрүп берүүгө, доо талаптарынан толук же жарым-жартылай баш тартууга, доону толук же жарым-жартылай таанууга, доо талаптарын көбөйтүүгө же азайтууга, доонун предметин жана негизин өзгөртүүгө, жарашуу макулдашуусун түзүүгө, ыйгарым укуктарын башка жакка өткөрүп берүүгө (ишенимди өткөрүп берүүгө) соттук актыга даттанууга, даттануудан баш тартууга, аткаруу барагын берүүгө укуктары өкүлдүк кылууну тапшырган жак дайындаган жак берген ишеним катта же тапшырма келишиминде атайын эскертилүүгө тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-62)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-64)
