Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
62-берене. Өкүлдүн ыйгарым укуктарын жол-жоболоштуруу
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 августа 2026 года № 141
1. Сотто жеке жактардын кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу адвокаттар же юридикалык өкүлдөр тарабынан жүзөгө ашырылат, алардын ыйгарым укуктары нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен таризделет.
Эгерде өкүл юридикалык өкүл болуп саналса, ишеним катта юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык өкүлдүн статусун тастыктоочу Юридикалык өкүлдөрдүн реестринде катталган номери жана датасы көрсөтүлөт.
2. Ата-энелер, асырап алуучулар, камкорчулар жана көзөмөлчүлөр алардын укуктарын ырастоочу документтерди сотко көрсөтөт.
3. Юридикалык жактардын өкүлчүлүгү ыйгарым укуктуу адамга берилген жазуу жүзүндөгү ишеним кат же кызмат адамынын юридикалык жакка ишеним катсыз өкүлдүк кылуу укугун ырастоочу документтер менен жол-жоболоштурулат.
4. Адвокаттын ыйгарым укуктары тапшырма ордери жана адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдарга ылайык түзүлгөн юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишим менен ырасталат.
5. Эгерде өкүл башка катышуучулардын тапшырмасы боюнча процесстик кошо катышуучулардын бири болсо, ишеним кылган адам анын ыйгарым укуктарын сотто оозеки билдирет, билдирүү сот жыйналышынын протоколуна киргизилет.
6. Сотко кайрылганда өкүл ишеним каттын түп нускасын же көчүрмөсүнүн талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн формасын көрсөтүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
03.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Өкүлдүн ыйгарым укуктарын жол-жоболоштуруу
1. алынып салынды: Жеке адамдын өкүлүнүн кошулду: Сотто жеке жактардын кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу адвокаттар же юридикалык өкүлдөр тарабынан жүзөгө ашырылат, алардын ыйгарым укуктары нотариалдык алынып салынды: ырасталган кошулду: жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен алынып салынды: билдирилүүгө тийиш.
кошулду: таризделет.
Эгерде өкүл юридикалык өкүл болуп саналса, ишеним катта юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык өкүлдүн статусун тастыктоочу Юридикалык өкүлдөрдүн реестринде катталган номери жана датасы көрсөтүлөт.
2. Ата-энелер, асырап алуучулар, камкорчулар жана көзөмөлчүлөр … документтер менен жол-жоболоштурулат.
4. Адвокаттын ыйгарым укуктары кошулду: тапшырма ордери жана адвокаттык иш жөнүндө алынып салынды: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана тапшырма келишимине кошулду: мыйзамдарга ылайык алынып салынды: берилген, кошулду: түзүлгөн юридикалык алынып салынды: практиканы жүзөгө ашырып жаткан жакка тапшырма ордери кошулду: жардам көрсөтүү жөнүндө келишим менен ырасталат.
5. Эгерде өкүл башка катышуучулардын тапшырмасы … милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № алынып салынды: 85 кошулду: 85, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111521/st-62" title="62-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>