# 60-берене. Сотто өкүл боло албай турган адамдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=56530..57359>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 60-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-60

---

Сотто төмөнкүлөр өкүл боло албайт:

1) жашы жете элек адам;

2) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган адам;

3) процесске тийиштүү уюмдардын ыйгарым укуктуу өкүлү же мыйзамдуу өкүлү катары катышкандан учурлардан башка учурларда судья, тергөөчү, прокурор, сот аткаруучулар, өкүлчүлүктүү органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын депутаттары;

4) адвокаттык иш жана юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарын бузуу менен аракеттенген адвокаттар жана юридикалык өкүлдөр;

5) кызыкчылыктары өкүлчүлүк кылынган жактын кызыкчылыктарына каршы келген жактарга бул иш боюнча юридикалык жардам көрсөтүп жаткан же мурда көрсөткөн адам;

6) судья, прокурор, эксперт, адис, котормочу, сот жыйналышынын катчысы, соттук аткаруучу, күбө же калыс катары катышкан адам.

(КР 2026-жылдын 3-августундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-61)
