# 59-берене. Сотто өкүл боло ала турган адамдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=56530..57359>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 59-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-59

---

1. Төмөнкүлөр сотто өкүл боло алат:

1) адвокаттар;

2) мыйзам, устав же жобо менен ушул юридикалык жактын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо укугу берилген юридикалык жактардын жана алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) кызматкерлери;

3) тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызыкчылыктарын коргоочу, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлдөрү катары чыгуучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери;

4) юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык келген юридикалык өкүлдөр;

5) ушул Кодекстин 61-беренесинде көрсөтүлгөн мыйзамдуу өкүлдөр.

2. Ушул берене жеке жактардын сот процессине өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча өз алдынча катышуу укугун чектебейт.

(КР 2026-жылдын 3-августундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-58)  
Кийинки берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-60)
