# 55-берене. Котормочу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 55-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-55

---

1. Которуу үчүн зарыл тилдерди билген жана ушул Кодексте каралган учурларда сот тарабынан дайындалган адам котормочу болуп саналат.

2. Котормочу жарандык процесстин катышуучулары сунуш кылган адамдардын ичинен дайындалышы мүмкүн.

Процесстин башка катышуучулары которуу үчүн талап кылынган тилдерди билсе да котормочунун милдетин өзүнө алууга укуксуз.

3. Котормочу соттун чакыруусу менен келүүгө жана которууну толук, туура жана өз убагында жүзөгө ашырууга милдеттүү.

4. Билип туруп туура эмес которгон учурда котормочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигин тартат.

5. Ушул берененин эрежелери дудуктун же дүлөйдүн жаңсоолорун түшүнгөн жана ишти териштирүүгө чакырылган адамга (сурдокотормочуга) жайылтылат.

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-56)
