# 49-берене. Башка жактардын укуктарын, мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн сотко кайрылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 49-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-49

---

1. Мыйзамда каралган учурларда мамлекеттик, органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка органдар, жарандар жана юридикалык жактар башка жактардын өтүнүчү боюнча алардын же чөйрөсү аныкталбаган жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо боюнча доо менен сотко кайрыла алат.

2. Башка жактардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча доо койгон жактар жарашуу макулдашуусун түзүүдөн башка доогердин бардык процесстик укуктарынан пайдаланат жана бардык процесстик милдеттерин аткарат. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар доодон баш тарткан учурда доодон ушул Кодекстин 48-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган процесстик натыйжалар келип чыгат.

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-50)
