Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
48-берене. Прокурордун процессте катышуусу
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85
1. Прокурор башка жактардын же чөйрөсү аныкталбаган жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко билдирүү менен кайрылууга, ошондой эле, эгерде муну жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын, мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды коргоо талап кылса, сотто каралып жаткан ишке кошулууга укуктуу. Мында сот доо берилген жактын кызыкчылыгында аны доогер катары тартууга укуктуу.
2. Жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо боюнча билдирүүнү прокурор ошол кызыкдар жактын өтүнүчү боюнча, эгерде ошол жаран өзү жүйөлүү себептер менен сотко кайрыла албаса гана (ден соолугуна, жаш курагына жана башка себептер боюнча) берет. Аракетке жарамсыз жарандардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча арызды прокурор кызыкдар жактын өтүнүчү болгон-болбогондугуна карабастан берет.
3. Арыз менен кайрылган прокурор жарашуу макулдашуусун түзүү укугунан башка бардык процесстик укуктардан пайдаланат жана доогердин процесстик милдеттерин аткарат. Башка жактын кызыкчылыктарын коргоо боюнча коюлган талапты колдоодон прокурор баш тарткан учурда, эгерде ошол жак же анын мыйзамдуу өкүлү доодон баш тартуу жөнүндө билдирбесе, ишти маңызы боюнча кароо улантыла берет. Прокурор билдирген доодон доогер баш тарткан учурда, сот иш боюнча өндүрүштү токтотот.
4. Прокурор мыйзамда каралган учурларда процесске кирет.
5. Мыйзамда прокурордун милдеттүү катышуусу каралган учурлардан башка учурларда ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабардар кылынган прокурордун келбей калуусу ишти кароого тоскоолдук болуп саналбайт. Мындай учурларда сот соттук териштирүүнү кийинкиге жылдырат.
6. Прокурордун ыйгарым укуктары анын кызматтык абалын күбөлөндүрүүчү документ менен ырасталат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
11.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…коргоо талап кылса, сотто каралып жаткан ишке кошулууга кошулду: укуктуу. Мында сот доо берилген жактын кызыкчылыгында аны доогер катары тартууга укуктуу. 2. Жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен … анын кызматтык абалын күбөлөндүрүүчү документ менен ырасталат. кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 17-октябрындагы № 07-р "Бермет Анарбековна Джолдошалиева, Ахмат Киргизбаевич Алагушев, Надежда…Сот практикасы · Решение · 17.10.2018 · № 07-р
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111521/st-48" title="48-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>