# 47-берене. Процесстик укук улантуучулук

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261672..1261674>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 47-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-47

---

1. Тарап талаштуу же чечимде белгиленген укук мамилелеринен чыгып калган учурда (жарандын өлүмү, юридикалык жактын кайра уюшулушу, талап кылуунун башка жакка берилүүсү, карыздын которулушу жана материалдык укук мамилесинде жактардын алмашкан башка учурлары) сот жүйөлөнгөн, даттанылышы мүмкүн болгон аныктама аркылуу тарапты анын укук улантуучусу менен алмашуусуна жол берет. Укук улантуучулук процесстин кайсы болбосун стадиясында болушу мүмкүн.

2. Укук улантуучунун процесске кошулушуна чейин жасалган бардык аракеттер укук улантуучу үчүн ал алмаштырган жак үчүн милдеттүү болгон өлчөмдө милдеттүү болот.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-48)
