# 45-берене. Талаштын предметине карата өз алдынча талаптарды билдирбөөчү үчүнчү жактар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 45-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-45

---

1. Эгерде чечим тараптардын бирине карата үчүнчү жактардын укуктарына же милдеттерине таасир тийгизе турган болсо, талаштын предметине карата өз алдынча талаптарын билдирбеген үчүнчү жактар биринчи инстанциядагы сот тарабынан иш боюнча чечим кабыл алынганга чейин доогердин же жоопкердин тарабында процесске кире алат. Ошондой эле алар ишке катышуучу жактардын өтүнүчү боюнча же соттун демилгеси менен ишке катышууга тартылышы мүмкүн.

2. Өз алдынча талаптарды билдирбөөчү үчүнчү жактар тараптын доонун негизин жана предметин өзгөртүүгө, доо талаптарынын өлчөмүн көбөйтүүгө же азайтууга, доодон баш тартууга, доону таанууга, жарашуу макулдашуусун түзүүгө, тосмо доо коюуга, соттун чечимин мажбурлап аткартууну талап кылууга болгон укугунан башка процесстик укуктарынан пайдаланат жана процесстик милдеттерин тартат.

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-46)
