# 439-берене. Чет өлкөлүк (эл аралык) арбитраждын чечимин таануудан жана аткарууга киргизүүдөн баш тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-439>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-439.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 439-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-439

---

1. Чечим өзүнө каршы багытталган тараптын өтүнүчү боюнча чет өлкөлүк (эл аралык) арбитраждын чечимин таануудан жана аткарууга киргизүүдөн баш тартылышы мүмкүн, эгерде бул тарап чечимди таануу жана аткарууга киргизүү өтүнүлүп жаткан сотко төмөндөгүлөрдү далилдеп берсе:

1) бейтарап (арбитраждык) макулдашуунун тараптары өздөрүнө карата колдонулган мыйзам боюнча кандайдыр бир деңгээлде аракетке жөндөмсүз болгондугун же тараптар макулдашууну баш ийдирген мыйзам боюнча бул макулдашуу жараксыз экендигин, ал эми мындай көрсөтмө жок болгон учурда - чечим чыгарылган өлкөнүн мыйзамы боюнча бул макулдашуунун жараксыздыгын;

2) чечим каршы чыгарылган тарап арбитрди дайындоо жөнүндө же бейтарап (арбитраждык) териштирүү жөнүндө талаптагыдай түрдө кабардар кылынбагандыгын же болбосо башка себептер менен өзүнүн түшүндүрмөсүн бере албагандыгын;

3) чечим бейтарап (арбитраждык) макулдашууда каралбаган же анын шарттарына кирбеген талаш боюнча чыгарылгандыгын же болбосо бейтарап (арбитраждык) макулдашуунун чегинен тышкары чыккан маселелер боюнча токтомду камтыгандыгын. Эгерде чет өлкөлүк (эл аралык) арбитраждын чечиминде бейтарап (арбитраждык) макулдашууда камтылган маселелер боюнча токтомдор мындай макулдашууда камтылбагандардан ажыратылышы мүмкүн болсо, чечимдин бейтарап (арбитраждык) макулдашууда камтылган маселелер боюнча токтомдору кирген бөлүгү таанылышы жана аткарылышы мүмкүн экендигин;

4) бейтарап (арбитраждык) соттун курамы же бейтарап (арбитраждык) териштирүү тараптардын макулдашуусуна ылайык келбегендигин же мындай болбогондук арбитраж турган өлкөнүн мыйзамына ылайык келбестигин;

5) чечим тараптар үчүн акыркы чечим боло электигин же жокко чыгарылгандыгын же анын аткарылышы бул чечим чыгарылган өлкөдө ушул өлкөнүн мыйзамына ылайык бул өлкөнүн соту тарабынан токтотулгандыгын.

2. Чет өлкөлүк (эл аралык) арбитраждын чечимин таануудан жана аткарууга киргизүүдөн Кыргыз Республикасында сот төмөнкүлөрдү аныктаган учурда да баш тартылышы мүмкүн:

1) талаштын предмети Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча бейтарап (арбитраждык) териштирүүнүн предмети боло албасын;

2) бул чечимди таануу жана аткарууга киргизүү Кыргыз Республикасынын ачык-жарыялуу тартибине каршы келерин.

| Кыргыз Республикасынын Президенти | А.Ш. Атамбаев |

---

Мурунку берене: [438-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-438)
