# 438-берене. Чет өлкөлүк (эл аралык) арбитраждардын чечимдерин таануу жана аткарууга киргизүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-438>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-438.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 438-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-438

---

1. Ушул Кодекстин 430-беренесинин 3-бөлүгүн кошпогондо, 429-431, 433-436-беренелеринин эрежелери чет мамлекеттин аймагында кабыл алынган чет өлкөлүк бейтарап соттордун (арбитраждардын), эл аралык бейтарап соттордун (арбитраждардын) чечимдерине карата колдонулат.

2. Чет өлкөлүк (эл аралык) арбитраждын чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө өтүнүп жаткан тарап арызды бергенде төмөнкүлөрдү берет:

1) чет өлкөлүк (эл аралык) арбитраждын чечиминин талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн түп нускасын же анын талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;

2) бейтарап (арбитраждык) макулдашуунун түп нускасын же анын талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;

3) талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн жана сотко жазылган арызга кол койгон жактын ыйгарым укуктарын ырастоочу ишеним кат же башка документ;

4) чет өлкөлүк (эл аралык) арбитраждын чечимин таануу жана аткаруу жөнүндө арыздын көчүрмөсү карызкорго жиберилгендигин ырастоочу документ;

5) ушул бөлүктүн 1-4-пункттарында көрсөтүлгөн документтердин мамлекеттик же расмий тилдеги, талаптагыдай ырасталган котормосу.

---

Мурунку берене: [437-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-437)  
Кийинки берене: [439-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-439)
