# 436-берене. Чет өлкөлүк соттордун чечимдерин таануунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-436>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-436.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 436-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-436

---

1. Чет өлкөлүк соттордун аткарууну талап кылбаган чечимдери, эгерде кызыкдар жактын бул боюнча каршы пикири келип түшпөсө, андан ары эч кандай өндүрүшсүз таанылат.

2. Кызыкдар жак чет өлкөлүк соттун чечими райондук же ага теңдештирилген сотко келип түшкөндүгү өзүнө белгилүү болгон күндөн тартып бир айдын ичинде бул чечимди таануу жагындагы өзүнүн каршы пикирин билдире алат.

3. Кызыкдар жактын чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жагындагы каршы пикири бул жакка каршы пикирди кароонун убактысын жана ордун кабарлоо менен сот жыйналышында каралат. Ишти кароонун убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай түрдө кабарландырылган кызыкдар жактын келбей калышы каршы пикирди кароого тоскоол болуп саналбайт.

4. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жагындагы каршы пикирди сот карагандан кийин тиешелүү аныктама чыгарылат, ал ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [435-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-435)  
Кийинки берене: [437-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-437)
