# 435-берене. Чет өлкөлүк соттордун аткарууну талап кылбаган чечимдерин таануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-435>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-435.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 435-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-435

---

Кыргыз Республикасында өзүнүн мүнөзү боюнча аткарууну талап кылбаган чет өлкөлүк соттордун төмөнкүдөй чечимдери таанылат:

1) соту чечим чыгарган мамлекеттин жарандарынын жеке статусуна таасир тийгизген;

2) эгерде нике бузулган учурда жубайлардын жок дегенде бири Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жашаса, Кыргыз Республикасынын жарандары менен чет өлкөлүк жарандардын ортосундагы никени бузуу же жараксыз деп таануу жөнүндө;

3) эгерде нике бузулган учурда жубайлардын экөөсү тең Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жашаса, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ортосундагы никени бузуу же жараксыз деп таануу жөнүндө;

4) мыйзамда каралган башка учурларда.

---

Мурунку берене: [434-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-434)  
Кийинки берене: [436-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-436)
