# 434-берене. Чет өлкөлүк соттун чечимине аткаруу баракчасын берүүнүн жана аны аткарууга берүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-434>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-434.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 434-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-434

---

1. Чет өлкөлүк соттун чечимин аткаруу чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө аныктама чыгарган сот тарабынан берилүүчү аткаруу баракчасынын негизинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.

2. Чет өлкөлүк соттун чечими ал мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдан ашпаган мөөнөттө аткарууга киргизилиши мүмкүн. Аталган мөөнөт өткөрүп жиберилген учурда, бул мөөнөт өндүрүп алуучунун өтүнүчү менен, ушул Кодекстин 127-беренесинде каралган эрежелер боюнча калыбына келтирилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [433-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-433)  
Кийинки берене: [435-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-435)
