# 433-берене. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө иш боюнча соттун аныктамасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261668..1261669>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-433>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-433.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 433-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-433

---

1. Карызкордун түшүндүрмөсүн угуп жана берилген далилдерди карап чыгып, сот ушул Кодекстин 21-главасында белгиленген эрежелер боюнча чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө иш боюнча аныктамада төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) чечим кабыл алган чет өлкөлүк соттун аталышы жана жайгашкан жери;

2) өндүрүп алуучунун жана карызкордун аталыштары;

3) өндүрүп алуучу таанууну жана аткарууну өтүнүп жаткан чет өлкөлүк соттун чечими тууралуу маалыматтар;

4) чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө же болбосо чет өлкөлүк соттун чечимин таануудан жана аткарууга киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө көрсөтүү.

3. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө иш боюнча аныктамага жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [432-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-432)  
Кийинки берене: [434-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-434)
