# 430-берене. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө арыздын формасы жана мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-430>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-430.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 430-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-430

---

1. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө арыз жазуу жүзүндө, басылма текст түрүндө берилет жана ага өндүрүп алуучу же анын өкүлү кол коюуга тийиш.

2. Арызда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;

2) чет өлкөлүк соттун аталышы жана жайгашкан жери;

3) өндүрүп алуучунун аталышы, арыз өкүл тарабынан берилсе анын аталышы, алардын жашаган жерин же жүргөн жерин көрсөтүү;

4) карызкордун аталышы, анын жашаган жерин же жайгашкан жерин же карызкордун мүлкү жайгашкан жерди көрсөтүү;

5) өндүрүп алуучунун чечимди таануу жана аткарууга киргизүү тууралуу же кайсы учурдан баштап аны аткаруу талап кылына тургандыгын көрсөтүү жөнүндө өтүнмөсү;

6) тиркелген документтердин тизмеги.

Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө арызда өндүрүп алуучунун, карызкордун жана алардын өкүлдөрүнүн телефондорунун, факстарынын номерлери, электрондук почтасынын дареги жана ишти туура жана өз убагында кароо үчүн зарыл болсо башка маалыматтар көрсөтүлүшү мүмкүн.

3. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө арызга Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде каралган документтер тиркелет, ал эми эл аралык келишимде бул каралбаса арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:

1) өндүрүп алуучу таанууну жана аткарууну өтүнүп жаткан чет өлкөлүк соттун чечими же чет өлкөлүк соттун чечиминин талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

2) эгерде чечимдин текстинин өзүндө көрсөтүлбөсө, чет өлкөлүк соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө киргендигин жана аткарылууга тийиштигин же ал чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин аткарылууга тийиш экендигин тастыктаган расмий документ;

3) талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн жана иштин чет өлкөлүк сотто териштириле тургандыгы, өндүрүп алуучу чечимди таанууну жана аткарууну өтүнүп жаткандыгы тууралуу карызкор өз убагында жана талаптагыдай түрдө кабарландырылгандыгын ырастаган документ;

4) эгерде чечим мурда тиешелүү чет мамлекеттин аймагында аткарылган болсо, чет өлкөлүк соттун чечиминин толук же айрым бөлүгүндө аткарылгандыгы тууралуу документ;

5) сотко берилген арызга кол койгон жактын ыйгарым укуктарын талаптагыдай түрдө күбөлөндүргөн жана тастыктаган ишеним кат же дагы башка документ;

6) чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткаруу жөнүндө арыздын көчүрмөсү карызкорго жиберилгендигин тастыктаган документ;

7) тараптардын келишим боюнча сотко караштуулукка кирген иштер боюнча макулдашуусун тастыктаган документ;

8) ушул бөлүктүн 1-7-пункттарында көрсөтүлгөн документтердин талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик тилдеги жана расмий тилдеги котормолору.

---

Мурунку берене: [429-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-429)  
Кийинки берене: [431-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-431)
